Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:35

Кадамжайда 4-класстын окуучусу теңтушун атып алды


Окуя болгон жерден алынган мылтык.

Кадамжай районунун Кара-Шоро айылында 10 жаштагы бала жайкы эс алууга келген 9 жаштагы баланы кокусунан мылтык менен атып алды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, окуя 14-июнда кечинде болгон. Ок тийген баланын бетинин оң жагы жараланган. Аны ата-энеси Кадамжай райондук ооруканасына жеткирген. Дарыгерлер операция жасап, анын денесинен 5,6 мм калибриндеги окту алышкан. Анын абалы азырынча оор.

Бала куралды ойноп жатып, кокусунан таап алган деп болжолдонууда. “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү мылтык 43 жаштагы М.Ж. аттуу тургунга таандык болгону жана эч кандай мыйзамдуу документи жоктугу аныкталды. Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуя боюнча текшерүү иштерин улантууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG