Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Кудайбердиев: Тик учактарды Сомалиге ижарага берүү боюнча буйрукка Атамбаев кол койгон


Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурдагы тик учактарды Сомалиге ижарага берүү боюнча буйругу.
Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурдагы тик учактарды Сомалиге ижарага берүү боюнча буйругу.

Кыргызстандын төрт тик учагын Сомали мамлекетине ижарага берүү боюнча Башкы штаб сунуш кылган келишимди карап чыгуу тууралуу буйрукка экс-президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, мурдагы мамлекет башчы келишимди кароону өкмөткө тапшырган:

- Тик учактарды ижарага берүү боюнча 2014-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу чыккан. Тик учактарды Уганда мамлекети аркылуу Сомалиге жибергенге президент уруксат бергенден кийин Башкы штабдын өкүлдөрү өздөрүнчө иш-чараларды көрүшкөн. Ошонун негизинде 2014-жылдын 3-декабрында келишимге кол коюлган. Ал келишимге Коргоо министрлигине караштуу “Кыргыз курал” мамлекеттик ишканасынын башкы директору кол койгон. Ал кол койгонго эч кандай акысы болгон эмес. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге кол коюш үчүн өкмөт уруксат бериши керек болчу. Андай болгон эмес. Ал өз алдынча алдын-ала эле келишимге мыйзам бузуу менен кол койгон. Мен бул келишим мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн билип туруп, өкмөткө, УКМКга жана Башкы прокуратурага кат жазгам. Анын негизинде Башкы прокуратура Аскер прокуратурасына тапшырма берип, алар баарын текшерип чыгып, жыйынтык чыгарган. Албетте, “келишим мыйзам бузуу менен түзүлгөн” деп аны токтотуу жөнүндө чечим чыккан. Ошентип тик учактар кетпей калган. Мени болсо ошондон кийин жумуштан алып салышкан, - деди Кудайбердиев.

Кеп болуп жаткан маселе боюнча мурдагы президенттин 2014-жылдын 8-октябрында кол койгон №169 буйругунун көчүрмөсү “Азаттыкка” келип түштү. Ал документте “Сомалидеги Африка Союзунун миссиясына (АМИСОМ) катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын авиациялык техниканы (Ми-24В эки даана жана Ми-8МТВ эки даана) жөнөтүү жөнүндө сунушу жактырылсын” деп жазылып турат. Ошондой эле бул сунушту ишке ашырууга байланышкан укуктук, уюштуруу, техникалык маселелерди чечүү тапшырмасы өкмөткө табышталганы белгиленген.

Учурда КСДП партиясынын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу пикирин билдире элек. КСДПнын басма сөз кызматкери Кундуз Жолдубаева тик учактар боюнча кабарларды кезектеги “жалган” маалыматтар катары мүнөздөдү:

- Бул катардагы “фейк” жаңылык. Бул маселени кечээ Жогорку Кеңеште депутат Иманалиев көтөрдү. Анан расмий орган Башкы штаб "эч кандай келишим жок, тик учактар Кыргызстандын сыртына чыккан жок, бардыгы өлкөнүн ичинде" деп жооп берди.

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында парламент депутаты Каныбек Иманалиев "Коргоо комитетинин төрт тик учагы Сомали мамлекетине ижарага берилгени жатат" деген маалыматты териштирип, келишим түзгөн жетекчилерди жоопко тартыш керек экенин билдирген. Иманалиев учактардын экөө Америкадан, экөө Орусиядан жардамга алынганын айткан.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы болсо бүгүн "Кыргызстандын тик учактары Уганда жана Сомали өлкөлөрүндөгү согуштук аракеттерге катышып жатканы" тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарган. Бирок Башкы штаб келишим болгон-болбогонун тактаган эмес. (TSh\ErN)

XS
SM
MD
LG