АКШнын президенти Дональд Трамп Пхеньяндын өзөктүк программасынан улам келип чыккан кризисти чечкенин билдирди. 15-июнда Ак Үйдө журналисттердин алдында сүйлөп жатып Трамп мурдагы президент Барак Обама ага "Түндүк Кореянын курал программасы - АКШ туш болгон эң кооптуу маселе" деп эскерткенин айтты. “Мен бул маселени чечтим, бул маселе жалпысынан жөнгө салынды”, - деди Трамп.
12-июнда Сингапурда АКШ менен Түндүк Корея лидерлери алгачкы жолу кездешкен. Анын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган билдирүүдө Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу багытында аракет көрүлөөрү айтылган.
Трамп ошондой эле Ким Чен Ынга түз телефонун бергенин жана Пхеньян 1950-жылдардагы Корей согушунун учурунда набыт болгон америкалык аскрелердин сөөктөрүн кайтарууну баштаганын айтты.
Президент Ким менен кездешүүдө адам укуктарынын бузулуп жатышын сөз кылбаганын себебин Түндүк Корея менен өзөктүк согушту баштагысы келбегени менен түшүндүрдү.