Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:28

Футбол-2018: Иран Мароккону утту


Азиз Бухаддуз автогол үчүн кечирим сурады.

Орусияда футбол боюнча өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта Иран Мароккону утту. Кошумча убакытта марокколук Азиз Бухаддуз өз дарбазасына топ киргизип алып, ирандыктарга жеңиш алып келди. Бул үчүн спортчу командасынан жана 35 миллион мекендешинен кечирим сурады.

Ирандын курама командасы ушуну менен дүйнөлүк таймашта экинчи жолу жеңишке жетишти. 1998-жылы алар америкалыктарды уткан.

Андан кийин Египт менен Уругвай ойноп, 1-0 эсебинде уругвайлыктар утту. (RK)

XS
SM
MD
LG