Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Футбол-2018: Испания-Португалиянын оюну 3:3 менен аяктады


Чемпионаттын ачылыш салтанаты. Москва.
Чемпионаттын ачылыш салтанаты. Москва.

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында “А” жана “В” тайпасындагы алгачкы оюндар жыйынтыкталды.

“В” группасынын алкагында Испания жана Португалия курамалары ойноп, оюн эсеби 3:3 менен аяктады. Португалиянын катарында үч голдун тең автору Криштиану Роналду болсо, Испаниянын голдору Диегу Коста жана Начо Фернандестин жардамы менен кирди.

Ошондой эле “В” тайпасында Иран өлкөсү Марокконун футболчулары менен ойноп 1:0 эсебинде утуп алды. “А” тайпада болсо Египет менен Уругвай ойноп, египеттиктер 1:0 эсебинде утулду. Белгилей кетчү жагдай, Египеттин мыкты оюнчусу Мухаммед Салах талаага чыккан жок.

Учурда “А” тайпасында Орусия жана Уругвайда үчтөн упай бар болсо, “В” группасында Иран үч упай менен көч баштап келатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG