Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:02

Сокулукта милиция кызматкерлери кылмышка шектүү адамдын качып кетишине жол бергени үчүн жазаланды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта 31-майда 404 грамм маңзат (гашиш) менен бир адам кармалганы, анын аракеттери оор кылмыш болуп эсептелери, бирок кайтаруу толук камсыз болбогондуктан ал оңой эле качып кеткени айтылат.

Натыйжада Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын алты кызматкерине эскертүү берилип, сөгүш жарыяланды.

Өткөн айда Жайыл районунда кыз ала качууга шектүү адам ал кызды милиция имаратынын ичинде бычактап салганы айтылган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG