Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:49

Росатом Өзбекстанга өзөктүк отун жөнөттү


«ТВЭЛ» отун компаниясы Росатом ишканасына таандык.
«ТВЭЛ» отун компаниясы Росатом ишканасына таандык.

Орусиянын Росатом ишканасынын «ТВЭЛ» отун компаниясы Өзбекстандын Илимдер академиясынын Өзөктүк физика институтунда иштетилүүчү ВВР-СМ изилдөө реактору үчүн өзөктүк отун жөнөттү.

Podrobno.uz басылмасына компаниянын басма сөз кызматы «Новосибирсктеги химиялык концентраттар заводунда өндүрүлгөн жылуулук чыгаруучу алты түтүктүү ИРТ-4М түзүлүшүнөн 56 даана жөнөтүлдү», – деп билдирди.

Отун өндүрүп бул реакторго жиберүү тууралуу келишимге 2017-жылдын ноябрь айында кол коюлган. Ошол эле жылы «Росатом» ишканасы менен Илимдер академиясынын ортосунда кызматташуу макулдашылган. Келишимде өзөктүк технологияларды иш жүзүндө колдонуу жана кадр даярдоо сыяктуу багыттар жазылган.

ВВР-СМ изилдөө реактору Өзбекстанда 1959-жылдан бери иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG