Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Футбол-2018: Франция Австралия менен ойнойт


Франциянын улуттук курамасынын автобусу.
Франциянын улуттук курамасынын автобусу.

Ушул күндөрү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн тайпалык оюндар уланат.

“С” тайпасынын күчтүүсү саналган Франциянын улуттук курамасы алгачкы беттеште Австралия менен ойносо, экинчи жупта Перу менен Дания өлкөлөрүнүн футболчулары көк талаага чыгышат.

Эки жуптун оюндары саат 16:00 жана 22:00дө өтөт.

Ал эми саат 19:00дө Аргентинанын Лиеонель Месси баш болгон футболчулары Исландия менен беттешет.

Букмекерлердин эсептөөсүндө, чемпионатта Бразилиянын футболчулары күчтүүлүк кылат, ошондой эле алдыңкы үчтүктө Германия жана Франция өлкөлөрү бар.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 15-июлда жыйынтыкталат. (SDz)

XS
SM
MD
LG