Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:03

Кыргызстанда өндүрүлгөн эт азыктары Түштүк Уралга сатылат. Орусиядагы элчилик кабарлагандай, 15-июнда Челябинскте эки өлкө ортосундагы аймак аралык жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча конференция өттү.

Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган өкмөт өкүлдөрү катышты. Делегациянын курамында Бишкек шаарынын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын өкүлдөрү болду.

Конференциянын жыйынтыгында Бишкек менен Челябинсктин ортосундагы достук мамилени бекемдөө жагы макулдашылып, «Х5 ритейл групп» компаниясы менен Кыргызстандан уй этин Челябинск облусуна экспорттоо келишими кабыл алынды. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG