Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:54

Македониянын жаңы аталышы тууралуу макулдашууга кол коюлат


Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас Македониянын өкмөт башчысы Зоран Заев менен Софияда жолугушууда, 17-май, 2018-жыл.
Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас Македониянын өкмөт башчысы Зоран Заев менен Софияда жолугушууда, 17-май, 2018-жыл.

Македония менен Греция бүгүн Македониянын жаңы аталышы тууралуу тарыхый макулдашууга кол коюшат. Кечээ, 16-июнда Грециянын парламентинде премьер-министр Алексис Ципраска ишеним көрсөтпөө сунушу өтпөй калган. Оппозиция аны Македония менен сүйлөшүүлөрдө “өтө эле көп мүмкүнчүлүктөрдү тарттырып жиберди” деп айыптаган болчу.

Макулдашууга эки өлкөнүн башкы дипломаттары кол коет. Кол коюу салтанаты эки өлкөнүн ортосундагы Преспа аймагында өтөт.

Премьер-министр Алексис Ципрастын өкмөтү 12-июнда Македониянын премьер-министри Зоран Заев менен "Түндүк Македония жумурияты" деген вариантка токтошкон. Келишимге ылайык, тили "македон", эли болсо "македон" же "Түндүк Македония жумуриятынын жарандары" деп аталат. Скопье жана Афины 27 жылдан бери уланып келе жаткан талашты жөнгө салуу максатындагы өз ара сүйлөшүүлөрүн акыркы айларда тездетишкен.

1991-жылы Югославия ыдыраганда анын бир бөлүгү "Македония Жумурияты" деген аталыш менен эгемен өлкө катары пайда болгон. Бирок Грециянын түндүгүндө ушундай аймак бар болгондуктан, Афины ал аталышка каршы болуп келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG