Казакстандын Улуттук банкы теңге үчүн олуттуу коркунуч жок экенин айтууда. Ишемби күнү мекеме тараткан билдирүүдө инфляция азайганы, өткөн айда анын көрсөткүчү алты проценттин тегерегинде болгону да айтылат.
Буга чейин коомчулук арасында "теңге дагы арзандайт" деген кабар тараган. Улуттук банк буга байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылып, мындай маалыматты таратып жаткандарды аныктоону өтүндү.
Казак теңгеси акыркы жолу 2014-жылы февралда арзандаган. Анда өкмөт теңгени мурдагыдай колдоп туруу саясатынан баш тартып, аны акча базарында эркин коё берген. Саналуу күндөрдө теңге долларга карата кескин арзандап, башкача айтканда, бир доллар 155 теңге болуп жатса, кийин 300 теңгеге чыгып кеткен. (RK)