Нарында, Ат-Башы районунун Арпа жайлоосунда кутурмадан кырылган элүүдөй койдун өлүгү 15 күндөй талаада жатып, кечээ гана көмүлүп, зыянсыздандырылды. Бул тууралуу Казыбек айылынын ошол жерде мал багып жүргөн тургуну Оёнбек Жумабаев билдирди. Анын айтымында, ылаң жармашып өлгөн койду малчылар өз алдынча көмүүдөн коркуп, адистерди күтүшкөн. Бирок атайын адистер келбегендиктен өлүктөр чирип, жайлоону жагымсыз жыт каптаган.
Ал эми Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жумагул Тентимишов кутурма ылаңанан өлгөн малдын саны элүүгө чамалап кеткенин 16-июнда гана билгенин, учурда өлгөн мал көмүлүп, башка мал эмделгенин “Азаттыкка” билдирди.
- Мурда 20дан ашык эле кой өлгөн. Аларды көмүп келгенбиз. Көрсө ал жерде 47 кой экен. Кечээ барып, бардыгын көмүп, өрттөп, хлордоп келдик. Керектүү дары-дармек жөнөтүлдү. Тазалоо иштери жүрдү, вакцина жетиштүү, - деди Тентимишов.
Ат-Башы районундагы ооруканада 16 адам кутурмага каршы эмдөөдөн өткөрүлдү.
Казыбек айылынан Арпа жайлоосуна чыккан тургундун малына карышкыр кол салган. Бул окуядан кийин мал ээси менен ветеринар койдон кутурма ылаңынын белгилерин байкап, Бишкек шаарына текшерүүгө жөнөтүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен малга кутурма жукканы аныкталган. (MiK)