Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 19:51

Жалал-Абад милициясы Москвадагы жол кырсыгына шектүү тууралуу маалымат берди


Шектүү жаран полицияда сурак берүүдө. Сүрөт Москва полициясынын расмий сайтындагы видеодон алынды.

Москвада жол кырсыгына айыптуу деп шектелип жаткан адам мурда кылмыш жообуна тартылган эмес жана издөөгө да алынган эмес.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков бүгүн тараткан маалыматта Анарбек уулу Чыңгыз 28 жашта экени, Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулганы, 2003-жылы үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүп келгени айтылат.

“Ага чейин Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Сары-Кашка айылында ата-энеси менен чогуу жашаган. 2013-жылы аксылык кызга үйлөнүп, эки кыздуу болгон. Айдоочулук күбөлүктү Кочкор-Атадан алган. Жакын туугандарынын дээрлик көпчүлүгү Бишкекте жашайт. Аялы да Орусия Федерациясында, кыздары чоң ата, чоң энесинин колунда, Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда турушат. Буга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында издөөдө жок жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган. Кошумча тактоо иштери жүрүүдө” деп билдирди Мыктыбек Турдубеков.

Москванын полициясы Ильинка көчөсүндө 16-июнда болгон жол кырсыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети адам жабыркады, алдын ала маалыматка караганда, таксинин айдоочусу рулду башкара албай калып, тротуарга чыгып кеткен.

Орусиялык маалымат каражаттары айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Анарбек уулу Чыңгыз экенин кабарлашты. Кабарларга тиркелген документке ылайык, айдоочулук күбөлүктү ал Кыргызстандан алган. Адегенде айдоочу мас болчу деген кабар тарап, кийин бул маалымат такталган жок, ал уктап кеткени айтылды.

Алгачкы суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басам деп газды басып алганын айтканы, спирттик ичимдик ичпеси жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдиргени да кабарланган.

Жабыркагандардын абалы тууралуу азырынча так маалымат бериле элек, алардын арасында Мексикадан барган футбол күйөрмандары бар экени айтылган.

Кылмышка шектүүнүн аты-жөнүн жана жарандыгын Москва полициясы расмий жарыялай элек. (RK)

Чыңгыз: 2-3 гана саат уктагам
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG