Бүгүн Бишкекте Балмуздак фестивалы өтүп жатат. Быйыл төртүнчү жыл уюштурулган иш-чарага балмуздак чыгарган жергиликтүү фирмалар катышууда.
Фестивалдын жүрүшүндө 1000 кишиге балмуздак акысыз берилип, тогуз сааттык концерттик программа тартууланууда. Андан сырткары балдар катышкан түрдүү сынактар, квест-оюндар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна иш-чаранын уюштуруучусу, “Show Time” борборунун жетекчиси Олеся Семикоз билдирди.
Балмуздак фестивалы биринчи жолу 2015-жылы өткөрүлүп, анда катышуучуларга 100 кг торт таратылган. (AT)