Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34
Баткенде түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34,
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33,
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35,
Нарын, Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...12, күндүз 22...27,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градуска чейин көтөрүлөт.