Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Трамп Венгриянын чек ара коопсуздугун талкуулады


Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

АКШ президенти Дональд Трамп Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын бул кызматка кайра шайланышы менен куттуктады. Ошону менен катар Венгриянын тышкы чек арасын бекемдөө маселесин талкуулады.

Трамп да, Орбан да иммиграциялык саясат жана чек ара коопсуздугу боюнча бекем позицияда турушат. Өткөн аптада Венгриянын өкмөт башчысы качкындардын жана мигранттардын Европага агылган жаңы толкунун “пайда табуу үчүн атайын жасалган аракет” деп атаган болчу.

Айрым маалымат каражаттары Орбан бул сөзүн Венгриядан чыккан америкалык миллиардер жана филантроп Жорж Соростун дарегине айткан деп боолгоп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG