Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Москва: Жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы оор эмес


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Москвада кыргыз жараны айыптуу деп жаткан жол кырсыгына кабылган адамдардын баарынын абалы оор эмес. Бул тууралуу Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жабыркагандардын саны сегиз адам: жетөөнүн абалы канааттандырарлык, бир аял орточо оор абалда. Баары тең текшерип, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жаткырылды.

Айрым маалымат булактары алардын экөө өз өлкөсүнүн футбол командасын сүрөгөнү барган мексикалык жаран, бирөө украиналык экенин жазып жатышат.

Мексиканын элчилиги эки аял жеңил жараат алганын тастыктап, “Алардын абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок” деп билдирди.

16-июнда Москванын Ильинка көчөсүндө таксист жолдон чыгып, тротуарга айдап, адамдарды сүзгөн видеосу тарады. Москва полициясы аны учурда суракка алып жатат, кылмыш ишин козгоду, бирок аты-жөнүн жана жарандыгын расмий жарыялай элек.

Орусиялык маалымат каражаттары айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Анарбек уулу Чыңгыз экенин кабарлашты. Кабарларга тиркелген документке ылайык, айдоочулук күбөлүктү ал Кыргызстандан алган.

Адегенде айдоочу мас болчу деген кабар тарап, кийин бул маалымат такталган жок, ал уктап кеткени айтылды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Анарбек уулу Чыңгыздын иши объективдүү тергелишине болгон аракетин көрөрүн, ага тиешелүү укуктук-консультациялык жардам берилерин айтты.

“Москвада жол кырсыгына айыптуу деп шектелип жаткан адам мурда кылмыш жообуна тартылган эмес жана издөөгө да алынган эмес” деп Жалал-Абад облустук милициясы билдирди. Эки кыздын атасы Анарбек уулу Чыңгыз Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулганы, 2003-жылы үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүп келгени, сонку кезде келинчеги менен Орусияда иштеп жатканы айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG