Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Мигранттардын кемесин Валенсияда тосуп алышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Африка, Ооганстан, Пакистан, Бангладеш жана башка өлкөлөрдөн чыккан мигранттарды ташып бараткан “Аквариус” кемеси Испаниянын жээгине жетти.

Валенсия шаарында жекшемби күнү аларды 2 миңдей киши түрдүү тилдерде “Кош келдиңер” деген плакаттар менен тосуп алышты.

Ошол 630 мигрантты кабыл алуу маселеси европалык шериктер ортосунда чоң талаш-тартышка алып келди.

Ливиянын жээгинде куткарылган мигранттарды франциялык гуманитардык кеме өткөн жумада өз бортуна алган. Бирок Италия жана Мальта өкмөттөрү кемени кабыл албай койгондон кийин Валенсияга жөнөгөн.

Испаниянын жаңы премьери бул “саясий ишара” Европа орток проблемаларды чечүү үчүн биргелешкен саясат жүргүзүш керектигине түрткү болот деп ишенерин билдирди.

XS
SM
MD
LG