Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

ФИФА: Ирандык аялдарды колдогон баннерлерге уруксат берилген


Иран футболчулары.
Иран футболчулары.

ФИФА футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан Орусиядагы стадионго илинген баннер алдын ала жактырылганын билдирди. Баннерлер Ирандагы аялдарга эркектер менен бирге стадиондорго барып футбол көрүүгө уруксат берүүгө үндөйт.

ФИФА адатта оюндар маалында саясий билдирүүлөрдүн спорттон ажыратылышын колдоорун, бирок бул ирет Иран Марокко менен беттешип жатканда пайда болгон плакатты “социалдык чакырык” катары бааларын белгиледи.

Эки баннер 15-июнда Санкт-Петербурдагы стадиондо илинген. Иран бийлиги аялдарга эркектер катышкан спорт иш-чараларын стадиондорго барып көрүүгө салган тыюу үчүн сынга кабылып келет. Ал матчты Иран 1-0 эсебинде уткан.

XS
SM
MD
LG