Бүгүн Бишкек шаардык сотунда баш калаанын камакка алынган экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүү маселеси каралат. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева “Азаттыкка” билдирди.
Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган. Алгач ага эч жакка кетпөө тууралуу тилкат алуу түрүндө бөгөт чарасы каралган.
5-июнда Кулматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакыртылып, андан соң Биринчи май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган.
Мындан кийин айыпталуучунун адвокаты Сергей Слесарев Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна арыз жазган. Адвокат экс-мэрди үй камагына чыгарууну өтүнгөн.
УКМК Кулматов 2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экенин маалымдаган. Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес экенин айтып келет. (ErN)