Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 14:52

Москвадагы жол кырсыгына кабылган мигрантка акчалай жардам жыйнала баштады


Шектүү Чыңгыз Анарбек уулу полицияда сурак берүүдө. Сүрөт Москва полициясынын расмий сайтындагы видеодон алынды.

Орусиядагы жана Кыргызстандагы мекендештер Москва шаарында жол кырсыгына байланыштуу кармалган Чыңгыз Анарбек уулуна материалдык жардам чогултуу акциясын баштады. Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири, активист Акбалык Жумалиева “Азаттыкка” билдирди:

- Топтолгон акча негизинен жараат алып, ооруканага түшкөн чет элдик жарандар үчүн компенсация жана дары-дармек катары жумшалат. Анткени ал өзү таксист болуп иштесе, 20 саат уктабай иштеп жатса, акча жетишсиз болсо керек. Эл ошону түшүнүп колунан келген жардамын берип жатат.

Каалоочулар орусиялык банктарга барып, карта номери 4276380052214405 эсебине акча жөнөтсө болот. Карта ээси Асел Лабаева. Ал каражаттарды Чыңгыз Анарбек уулунун жакындарына тапшырат. Учурда 15 миң сомдон ашык каражат чогулду.

16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, жол четинде турган бир нече адамды сүзүп кеткен. Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө баштаган. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети киши жабыркаган.

Орусиялык маалымат каражаттары айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу экенин кабарлашты. Алгачкы суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басм акчы болуп газды басып алганын айтканы, спирттик ичимдик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдиргени да кабарланган.

Жабыркагандардын абалы оор эместиги, алардын арасында Мексикадан барган футбол күйөрмандары бар экени айтылган. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG