Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Шаардык сот Кулматовдун бөгөт чарасын күчүндө калтырды


Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын жабык түрдө карап, соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Азаттыктын" ошол жерде жүргөн кабарчысы Бакыт Асанов билдирди.

Буга чейин Кубанычбек Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев Кулматовду камакка алуу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, шаардык сотко кассациялык арыз менен кайрылган.

Райондук соттун чечими менен Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин камакка алынган.

Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып тагылган. Алгач ага эч жакка кетпөө тууралуу тилкат алуу түрүндө бөгөт чарасы каралган.

5-июнда Кулматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакыртылып, андан соң Биринчи май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган.

Мындан кийин айыпталуучунун адвокаты Сергей Слесарев Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна арыз жазган. Адвокат экс-мэрди үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

УКМК Кулматов 2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экенин маалымдаган. Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эместигин айтып келет. (BkA/KR)

XS
SM
MD
LG