Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Данияр Абдыкаров ички иштер министринин орун басарлыгынан бошотулду


Данияр Абдыкаров.
Данияр Абдыкаров.

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Данияр Абдыкаров өзү берген рапортунун негизинде министрдин орун басарынын кызматынан бошотулду. Анын ордуна милициянын полковниги Мирлан Каниметов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылзагиевдин буйругуна ылайык, Каниметовду өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Азамат Араев ИИМдин жамаатына тааныштырды.

Каниметов 1970-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда Кара-Мойнок айылында туулган. ИИМ академиясынын юриспруденция адистигин аяктаган.

Генерал Данияр Абдыкаров ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басары болгон. Анын дарегине карата парламентте жана маалымат каражаттарында бир катар сын-пикирлер айтылып келген. Буга чейин Абдыкаров эмгек өргүүсүнө чыккан соң министрдин уруксатын албай туруп өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган эле. Кийин анын Түркияга барып келгени аныкталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG