Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:20

УКМК: Кулматов Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго карата козголгон жаңы кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Кулматов Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган деп айыпталууда. Маалыматка караганда, Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында "СССРдин жараны" деген паспортун жоготконуна байланыштуу Орусиянын паспортун алган.

- 1996-жылдын 26-ноябрында Орусиянын жараны болуп туруп, мурдагы жоголгон "СССРдин жараны" деген паспортун колдонуу менен Бишкектин Биринчи май райондук паспорт столунан мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын жарандыгы боюнча паспорт алган. Кийин 2001-2003-2013-жылдары ал паспортторду жаңы паспортторго алмаштырган. Мындай кадам менен Кулматов паспорттук столдун кызматкерлеринин көзүн жазгырып, мыйзамсыз түрдө "Кыргыз Республикасынын жараны" деген паспортту алган, - деди Рахат Сулайманов. Анын айтымында, бул иш боюнча тергөө иши жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголгону бүгүн Бишкек шаардык сотунда Кулматовдун бөгөт чарасы каралган учурда белгилүү болгон. Мамлекеттик айыптоочунун маалыматы боюнча, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 350-346-беренелеринин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде 14-июнда козголгон.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын карап, аны 28-июнга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

УКМК Кулматов 2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экенин маалымдаган. 5-июнда Кулматов УКМКга суракка чакыртылып, андан соң Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынган.

Кулматов өзүнө коюлган айыпка макул эмес экенин айтып келет. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG