Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Колумбияда президенттик шайлоодо Дуке жеңди


Президенттик шайлоодо жеңген Иван Дуке Богота шаарында. 17-июнь, 2018-жыл.
Президенттик шайлоодо жеңген Иван Дуке Богота шаарында. 17-июнь, 2018-жыл.

Колумбияда жекшембиде өткөн президенттик шайлоодо оңчулдардын талапкери Иван Дуке жеңишке жетти. Ал шайлоочулардын добуштарынын 54% топтогонун Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Буга чейин ФАРК кыймылы менен элдешүүгө каршы көз караштагы Дуке жеңиштен кийин "мен болгон күч кубатымды өлкөнү бириктирүүгө жумшайм, пикир келишпестиктерге орун жок" деп билдирди.

Дуке ошондой эле ФАРК кыймылы менен бийликтин ортосунда жетишилген тарыхый, бирок талаштуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү ниети бар экенин кошумчалады.

Колумбия өкмөтү менен солчул радикал жана марксисттик ФАРК кыймылынын ортосунда 52 жылга созулган согушту токтотууну караган тынчтык келишимине 2016-жылдын күзүндө кол коюлган. Байкоочулар Дукенин кадамдары ФАРК кыймылынын "кайрадан радикалдашына" алып келет деп чоочулашат.

Соңку 50 жылдан бери куралдуу кагылышууларды жана жардырууларды уюштуруп жүргөн ФАРК кыймылы 11-мартта өткөн шайлоодо парламенттин эки палатасында тең бештен орунга ээ болгон.

XS
SM
MD
LG