Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:39

Колумбияда козголоңчулар парламентке келет


Иван Маркез.
Иван Маркез.

Соңку 50 жылдан бери куралдуу кагылышууларды жана жардырууларды жасап жүргөн ФАРК кыймылы эми тынчтык жолу менен саясий күрөшүн улантууга бел байлап турган кези. 11-мартта өткөн шайлоонун жыйынтыгында кыймыл абдан аз добуш алганы менен, тынчтык келишимине ылайык, ФАРК парламенттин эки палатасында тең кеминде бештен орунга ээ болмокчу.

Колумбиянын революциялык куралдуу күчтөрү (ФАРК) саясий күрөштө автоматтар менен бомбаларды шайлоо бюллетендерине алмаштырды. Мурда террордук топ катары таанылган кыймыл 11-мартта өткөн шайлоого алгачкы жолу кадыресе саясий партия катары катышты. Аталышын "Революциялык альтернативалуу жалпы күч" деп өзгөртүп чыккан ФАРК кыймылынын жетекчилеринин бири Иван Маркез бүгүнкү шайлоону 2016-жылкы тынчтык келишиминин түздөн-түз жыйынтыгы деп эсептейт:

- Мынчалык тез болот деп ойлободум эле, бирок биз мойнубузга алышыбыз керек: бул Гаванада кол коюлган, колумбиялыктардын баары үмүт кылган келишимибиздин жыйынтыгы. Анын маанисин баарыбыз сезип турабыз. Муну менен биз 50 жылдык куралдуу согушубузду токтото алдык. Бул ынтымак жана тынчтык сезими бардык колумбиялыктарды коштоп, Колумбияга согуш кайтып келбеши керек.

ФАРК кыймылы Иван Маркез баш болгон 23 талапкерди Колумбия Сенатына жана дагы 51 талапкерди төмөнкү палатага көрсөттү.

2016-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, шайлоо жыйынтыгына карабастан ФАРК кыймылына парламенттин эки палатасында бери дегенде бештен орун бөлүнөөрүнө убада берилген.

Мындай келишимге барган Колумбия президенти Хуан Мануэль Сантостун эмгеги бааланып, ал Нобель тынчтык сыйлыгына да ээ болгон. Бүгүнкү күндү Сантос “өзгөчө” деп атады:

- Бул абдан өзгөчө шайлоо. Жарым кылымдан бери биринчи жолу ФАРК шайлоону үзгүлтүккө учураткандын ордуна ага катышып жатат. Бул биздин демократия үчүн абдан тарыхый жана маанилүү окуя. Тынчтык жараяны ушул үчүн болгон. Улуттук боштондук армиясы (ELN) да бир тараптуу ок атууну токтотту. Андыктан бул шайлоо Колумбия эли көптөн бери үмүттөнгөндөй эң тынч болмокчу.

Баса, президент Сантостун экинчи мөөнөтү быйыл соңуна чыгат. Келаткан май айында өтүүчү кезектеги президенттик шайлоого ФАРК партиясынын башкы талапкери – Тимошенко деген каймана аты менен белгилүү болгон Родриго Лондоньо - ден соолугуна байланыштуу катышпайт. Ал ФАРК кыймылы үчүн жалпы элдик колдоого ээ болуу оңойго турбасын айткан:

- Биз үчүн абдан аяр маселе – бул элдин психологиялык маанайы. Тастыкталбаган маалыматка негизделгени менен, Колумбиянын коомчулугунда ФАРК кыймылына болгон жек көрүү дагы эле күчтүү.

Родриго “Тимошенко” Лондоньонун кооптонуп жатканы бекеринен эмес. 2016-жылкы тынчтык келишимин Колумбия эли референдумда колдобой койгон. 1964-жылы башталган бул чатак 220 миңден көп кишинин өмүрүн алып, миллиондорду үй-жайын таштап көчүп кетүүгө аргасыз кылган. Тынчтыкка алып келген эки тараптын лидерлери алмашкан соң бул жараян кандай уланары да элди ойлонтпой койбойт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Каарманбек Кулуев

    "Азаттыктын" социалдык медиа боюнча продюсери. Лондон Экономика мектебинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү. Буга чейин "Азаттык+" жаштар студиясынын продюсери, "Ынтымак" телерадиосунун жетекчиси, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG