Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Абылгазиев Москвада жол кырсыгынан жабыркагандарды Кыргызстанга эс алууга чакырды


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бул тууралуу ал бүгүн, 18-июнда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жолугуп жатып билдирди.

- Ишембиде, 16-июнда, Москва шаарынын борборунда биздин мекендешибиз, Кыргыз Республикасынын жараны Чыңгыз Анарбек уулу унаа менен жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен улам бир нече адам, анын ичинде футбол күйөрмандары жабыркаган. Бул абдан өкүнүчтүү, бирок атайын жасалган жок. Бул кырсык. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан жол кырсыгынан жабыркагандардан кечирим сурап, аларды Кыргыз Республикасына эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырууну өтүнөм. Бизде саламаттыкты калыбына келтирүү жана кызыктуу эс алуу үчүн мыкты шарттар бар. Биз жабыркагандардын учуу жана эс алуусун уюштуруу боюнча бардык чыгымдарын өзүбүзгө алууга даярбыз​, - деди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ички иштер министрине Орусия Федерациясына жумушчу сапарында жабыркагандарды барып көрүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы окуя Орусияда эмгектенген кыргызстандыктарды куугунтуктоого жана кысым көрсөтүүгө себеп болбошу керек экенин айтты. Ал Чыңгыз Анарбек уулуна квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү маселесин чечүүнү да милдеттендирди.

XS
SM
MD
LG