Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Македонияда өлкөнүн аталышына каршы чыккан 25 киши кармалды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Македониянын бийлиги баш калаа Скопьеде өткөн түнү нааразылык акциясында 25 киши кармалганын билдирди.

"Ассошиэйтед пресс" маалымат агенттиги Македониянын аталышын өзгөртүү боюнча Греция менен макулдашууга каршы чыккандар парламенттин имаратына кирип барууга аракеттенишкенин жазды.

Ички иштер министрлиги таш ыргытып, тарсылдак жарган демонстранттарды токтотуш үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгонун билдирди. Жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок. Түнкү нааразылык акцияларына миңдеген адам катышты.

Греция менен Македониянын тышкы иштер министрлери мурдагы югославиялык жумурияттын аталышын өзгөртүү боюнча тарыхый келишимге жекшембиде кол коюшту. Анын алдында грек өкмөтүнө ишеним көргөзбөө маселеси козголуп, бирок көпчүлүк парламентарийлер премьер-министр Алексис Ципрасты колдошту.

Ондогон жылдардан бери уланып келаткан талашты жөнгө салган макулдашуу эки өлкөдө тең нааразылык акцияларына себепчи болду.

Балкандагы эки коңшуну - Греция менен мурдагы югославиялык Македонияны бөлгөн чек арадагы Преспа көлүнүн жанында 17-июнда кол коюлган келишимге ылайык, Македония эми "Түндүк Македония Жумурияты" деп аталмакчы.

XS
SM
MD
LG