Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Афины-Скопье: тарыхый келишимге кол коюлду


Македония жана Грекия премьер-министрлери Зоран Заев менен Алексис Ципрас (оңдо).
Македония жана Грекия премьер-министрлери Зоран Заев менен Алексис Ципрас (оңдо).

Грекия жана Македониянын тышкы иштер министрлери мурдагы югославиялык жумурияттын аталышын өзгөртүү боюнча тарыхый келишимге кол коюшту. Анын алдында грек өкмөтүнө ишеним көргөзбөө маселеси козголуп, бирок көпчүлүк парламентарийлер премьер-министр Алексис Ципрасты колдошту.

Ондогон жылдардан бери уланып келаткан талашты жөнгө салган макулдашуу эки өлкөдө тең нааразылык акцияларына себепчи болду.

Балкандагы эки коңшуну - Грекия (орусча Греция) менен мурдагы югославиялык Македонияны бөлгөн чек арадагы Преспа көлүнүн жанында 17-июнда кол коюлган келишимге ылайык, Македония эми Түндүк Македония жумурияты деп аталмакчы.

Бирок документ македон парламентинде, сентябрда болсо жалпы элдик референдумда жактырылышы керек. Андан кийин аны грекиялык депутаттар ратификациялайт.

Грек тараптагы кол коюу аземине Македония жана Грекия премьер-министрлери Зоран Заев менен Алексис Ципрас, андан тышкары БУУнун, Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү катышты.

Алексис Ципрас документти тарыхый деп баалады:

- Бул тарыхый кадам кимдир-бирөө утулсун деп эмес, эки тараптын кызыкчылыгында жасалууда. Өткөн чактагы жаралар бүтөлүп, тынчтыкка, достукка, кызматташтыкка карай жол салалы. Биздин өлкөлөргө гана эмес, бүтүндөй Балканга тынчтык алып келет деп ишенем.

Зоран Заев да "эки коңшу буга чейинки пикир келишпестиктерди унутуп, келечекти ойлоого тийиш" деди.

- Өлкө аталышына байланышкан талашты жөнгө салуу жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү жөнүндө макулдашууга кол коюу менен биз тоолорду оодардык.

Документке ошондой эле Улуттар уюмунун арачысы Мэтью Нимец кол койду. Кол коюудан кийин делегациялар көлдүн македон тарабына салтанаттуу тамакка жөнөштү.

Аталыш боюнча макулдашуу эки өлкөдө тең нааразылыкка туш болуп келатат.

Жүздөгөн киши кол коюу аземи болгон жерге өтүүгө аракеттенди, бирок грек полициясы алардын жолун тороду. Эки өлкөдө тең өкмөт башчыларды “улуттук кызыкчылыктарды сатып кеткен чыккынчылар” деп аташууда.

16-июнда Грекиянын оппозициялык партиясы кабинетке ишеним көргөзбөө маселесин көтөрүп, бирок көпчүлүк депутаттар Ципрасты колдошту.

Добуш берүү өтүп жаткан чакта борблр шаар Афиныда демонстранттар парламент имаратынын алдына чогулуп, премьердин кызматтан кетишин талап кылышты. Тартип коргоочулар имаратка кирүүгө аракеттенген кишилерди күч менен таркатты.

Македониянын президенти Георге Иванов мыйзам чыгаруучу орган документти ратификацияласа да вето койоорун эскертти. Бир нече күн мурун президент: "НАТО жана Евробиримдикке мүчөлүк мындай курмандыктарды актабайт", - деген.

1991-жылы коммунисттик Югославия федерациясы ыдыраганда анын бир бөлүгү Македония жумурияты деген аталыш менен көз карандысыз өлкө катары пайда болгон. Бирок Грекиянын түндүгүндө ушундай аймак бар болгондуктан, расмий Афины келечекте бул жер талашка себеп болушу мүмкүн деп, андай аталышка каршы болуп келди. БУУга болсо Балкандагы жаш мамлекет “Мурдагы Югослав жумурияты Македония” деген аталыш менен кабыл алынган.

НАТО жана Евробиримдикке мүчө болгон Афина ошондой эле талаш жөнгө салынмайын Македониянын эки уюмга тең кабыл алынышына каршы экендигин билдирип келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG