Афины менен Скопье 12-июнда жетишкен келишимге ылайык, Македония эми расмий “Түндүк Македония” деп аталат. Буга чейин Греция тарыхый талаш-тартыштан улам анын Македония Республикасы деген аталышына караманча каршы болуп келген. Анткени Грециянын өзүнүн да Македония деген провинциясы бар.
Бул тарыхый келишим мурдагы Югославиядан бөлүнүп чыккан чакан мамлекеттин НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болушуна жол ачат. Греция 27 жылдан бери өзүнүн түндүктөгү кошунасынын “Македония Республикасы” деген аталышына каршы болуп келген. Анткени Грециянын өзүнүн да Македония деген провинциясы бар. Афины кийин Скопье анын Македония аймагын да талашат деп чочулап жүргөн.
Ушул талашка жана Афинынын койгон дооматтарынан улам Македония НАТОго жана Евробиримдикке мүчө боло албай келген. 12-июнда Скопье мурдагы позициясынан чегинүүгө барып, өз аталышын "Түндүк Македония" деп өзгөртүүгө макул болду. Мындай мунасага узак сүйлөшүүдөн кийин эки өлкөнүн премьер-министрлери жетишти. Македониянын өкмөт башчысы Зоран Заев буларды айтты:
- Келишим ратификациядан өткөндөн кийин Грек Республикасы НАТОнун баш катчысына биздин өлкөлөр ортосунда талаш-тартыш жок экенин билдирген кат жөнөтөт. Эми Македония үчүн Альянска мүчө болууга чакыруу алууда тоскоолдук жараткан нерсе калган жок.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да "тарыхый келишимди" кубаттап, эки өлкөнү Македониянын жаңы аталышына байланыштуу иштерди толук аягына чыгарууга чакырды. Ал мунасаны "Скопьенин Түндүк атлантикалык альянска мүчөлүгүнүн жана Балкан жарым аралынын батыш ыптасында тынчтыкты бекемдөөнүн башталышы" деп атады. "Түндүк Македония" деген аталыш эми улуттук жана эл аралык документтерде расмий жазыла баштамакчы.
Македониянын өкмөт башчысы Зоран Заевдин айтымында, жаңы аталыш македондордун этникалык өз алдынчалыгын жана маданиятын сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.
Ал эми Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас жаңы аталыш Грециянын Македония провинциясы менен Македония Республикасынын ортосундагы айырмачылыкты даана көрсөтөт деген ойдо:
- Жетишилген макулдашууда биринчи жолу биздин түндүктөгү кошунабыздын байыркы грек Македониясынын цивилизациясына байланышы жок экени жазылды. Ошондой эле келечекте да аны менен кандайдыр бир байланышы болбой турганы белгиленди.
Эми Македония менен Греция ортосундагы макулдашууну эки мамлекеттин өкмөттөрү жана парламенттери жактырышы керек. Ошондой эле өлкөнүн аталышы боюнча Македонияда быйыл күзүндө референдум да өтмөкчү.
Эки миллиондон ашыгыраак калкы бар Македония мурдагы Югославиядан бөлүнүп чыккан жана 1991-жылы македондор өз өлкөсүн Македония деп атоо чечимин кабыл алган.
Дүйнөдөгү 142 мамлекет аны "Македония Республикасы" катары тааныган. Бирок Греция буга каршы чыккан. Талашка чекит коюлганга чейин БУУда Македонияны "Мурдагы югославиялык Македония Республикасы" деп атай туруу чечими кабыл алынган.