Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Македонияда жаңы өкмөт бекитилди


Македония парламенти Зоран Заев башында турган министрлер кабинетин бекитти.
Македония парламенти Зоран Заев башында турган министрлер кабинетин бекитти.

Македония парламенти мурдагы оппозиция лидери Зоран Заев башында турган жаңы өкмөттүн курамын бекитти. 31-майдын түнүндө Заев премьер-министр катары ант берип, кызматына киришүүгө укук алды.

Македония парламентиндеги 120 мыйзам чыгаруучунун алтымыш экиси Зоран Заев башында турган министрлер кабинетин колдошту. 44 депутат каршы чыкса, беши добуш берүүдөн карманды, ал эми тогуз мыйзам чыгаруучу жыйынга катышкан жок.

Жаңы өкмөттүн курамына 26 министр кирет.

Добуш берүү аяктары менен Зоран Заев ант берип, өкмөт башчылык кызматка киришти. Өлкөдөгү социал-демократтар партиясын жетектеген Заев анын өкмөтү экономикалык реформаларды күчөтүп, мамлекеттин Евробиримдикке жана НАТОго кирүү аракетин тездетүүгө убада кылды.

- Мен биздин кабинет жаңы реформаларды өткөрө турган, унитардык, европалык Македонияны кура турган өкмөт болот деп убада берем. Биз бардык күчүбүздү адилеттүү жана укуктук мамлекетти курууга, македон жарандарынын жашоосун сапатын көтөрүп аларды түшүнүүгө жумшайбыз.

Македониянын жаңы премьер-министри Зоран Заев.
Македониянын жаңы премьер-министри Зоран Заев.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Хизер Нойерт Заевди кызматка кириши менен куттуктап, Кошмо Штаттар Македонияга мыйзамдын үстөмдүүлүгүн, сот бийлигинин көз карандысыздыгын, басма сөз эркиндигин чыңдай турган реформаларды өткөрүүгө жардам берүүгө даярдыгын айтты. Евробиримдик да жаңы өкмөттүн бекитилишин кубатады.

- Еврошаркет Пржински макулдашуусун аткарууга жана мөөнөтсүз реформаларды жүргүзүүгө даяр бардык тараптарды жаңы өкмөттү жана оппозицияны да колдоого даяр, - деди 1-июнда тараткан билдирүүсүндө биримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини.

Ал сөз кылган Пржински макулдашуусу өткөн жылы биримдиктин колдоосу менен Македония лидерлеринин ортосунда жетишилген келишим. Могерини ошондой эле бул кадам мамлекеттин Евробиримдик менен интеграцияланышына жетелей турган процесс экенин белгиледи.

Заевдин премьер-министр кызматына келиши улутчул "Улуттук биримдик үчүн" (VMRO-DPMNE) партиясынын 11 жылдык бийлиги соңуна чыкты дегенди билдирет. Аталган партиянын тарапташтары башкаруучу коалициянын этникалык албандар менен биргеликте түзүлүшүнө, парламент спикерлигине албан улутундагы саясатчынын дайындалышына жана министрлер кабинетиндеги тогуз кызмат албандарга тийишине нааразылык билдирип келишкен.

Атургай апрель айында этникалык албан Талат Жафер парламент төрагалыгына дайындалган соң "Улуттук биримдик үчүн" партиясынын эки жүздөй тарапташтары парламент имаратына кирип барып, айрым депутаттарды ур-токмокко алышкан. Ал эми социал-демократ Зоран Заев менен дагы бир албан депутаты Зиядин Селаны кан жалаганга чейин жеткиришкен.

Бул окуядан кийин президент Георги Иванов бир нече айдан бери токтобой жаткан саясий кризиске чекит коюу керектигин белгилеп, бардык саясий күчтөрдү сүйлөшүүгө чакырган.

Социал-демократтар партиясы албан тилинин макамын көтөрүү шартынын алкагында этникалык албандардын эки чакан саясий партиялары менен коалиция түзүп, 120 орундуу парламенттин 62син камсыздашкан. Заевдин партиясы декабрда өткөн шайлоодо экинчи келген.

Македониянын 2,1 миллиондой калкынын 25 пайызын албандар түзөт. Өлкөдөгү этникалык улуттар ортосундагы чыңалуу мурдагы Югославиянын курамына кирген мамлекетте 2001-жылы жарандык согушка жакындаткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG