Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Македонияда каза тапкандарды эскеришти


Македония, 11-май, 2015-жыл
Македония, 11-май, 2015-жыл

Македонияда дүйшөмбүдө куралдуу топ менен кармашта окко учкан сегиз полициячыга аза күтүштү.

Маркумдар 9-10-май күндөрү түндүктөгү Куманово шаарында, көбүнесе этникалык албандар жашаган аймактагы операцияга катышкан.

Дүйшөмбү күнү Македониянын булуң-бурчунда улуттук желектер жарым- жартылай түшүрүлүп, бардык спорттук, саясий, маданий иш-чаралар башка күнгө которулду.

Сербия жана Косово менен чек аралаш Куманово шаарчасында жергиликтүү тургундар үйлөрүнө кайтышты. Бирок мектептерди ачпоо чечими кабыл алынды.

Маалымат каражаттары кабарлагандай, эки күнгө созулган аткылашуудан кийин деле түтүн жыттанып, ар кайсы жерлерде гильзаларды, дүрмөттөрдөн жабыркаган тамдарды көрсө болот.

Атышуудани кыйраган үйлөр. Македония. 11-май
Атышуудани кыйраган үйлөр. Македония. 11-май

Операция маалында колго түшкөн отуз чакты кишиге террорчулук боюнча кылмыш иши козголуп, алар Скопьедеги тергөө комитетине жеткирилди.

Македониянын президенти Гиорге Иванов кармашта куралчан топтун 14 мүчөсү жок кылынганын билдирди.

10-майда кечинде улуттук телеканалдан сүйлөгөн мамлекет башчы тартип коргоочулар “өлкөнүн ар кайсы чөлкөмүн дестабилдештирүүнү, башаламандык орнотууну көздөгөн координацияланган террордук чабуулдардын алдын алышканын” айтты.

Президент ал куралчан адамдарды “мыкты аскердик машыгуудан өткөн, тажрыйбалуу экстремист жана кылмышкер” деп сыпаттады.

Премьер-министр Никола Груевски топтун лидерлери деп айтылган беш кишинин ысымын атап, бардыгы тең Косовонун жараны экенин айтты.

Груевски алардын Балкандарда жана Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалдарга катышканын кошумчалап, бирок Македониядагы албан азчылыгынын колдоосуна ээ болбогонуна басым жасады.

- "Бул – Македония менен Албания ортосундагы чатак эмес. Эмне дегенде андай жаңжал аймактагы македондор менен албандарга оор залкасын тийгизмек” деген премьер коопсуздук күчтөрүнүн“ адискөй, патриот, эр жүрөк аракеттери террорчулардын кыянат пландарына бөгөт койгонун” белгиледи:

- Кумановодогу операция Македониянын Ички иштер министрлигинин жана полициянын профессионал, жоопкерчиликтүү, өз ишине берилген офицерлеринин жетектөөсүндө жүргүзүлдү. Ага ар кыл улуттардын жана диндердин өкүлдөрү камтылган.

Албандар Македониянын 2,1 миллионго жеткен калкынын 25-30 пайызын түзөт. 2001-жылы алар көбүрөөк укук талап кылып, козголгон.

Өлкөнү жарандык согуштан НАТО жана Европа биримдигинин арачылыгы менен жетишилген тынчтык жана реформалар боюнча келишим сактап калган. Документте этникалык албандардын абалын жакшыртуу каралган.

Македония, 8-май
Македония, 8-май

Кумановодогу аткылашуудан кийин полиция Белград менен Скопьени байланыштырган кан жолду көзөмөлгө алды. Жана борбор шаардагы аэропортто текшерүүнү күчөттү.

Соңку окуялар Македония мурдагы Югославиядан көз карандысыздык алгандан берки эң терең саясий кризиске баткан учурга туш келди. Өкмөт жана оппозиция кырдаалды дестабилдештирүүдө деп бири-бирин айыптап келатышат. Айрым аналитиктер эки тараптын тең жетекчилери улуттар аралык кагылышууларга тукурууга барышы мүмкүн деген кооптонууларын айтышат.

11-майда Европа биримдигинин Коңшулар жана кеңейүү саясаты боюнча комиссары Йоханнес Хан Македониядагы кырдаалга байланыштуу камтамасын ортого салды:

- Бул чабуул, бул окуя Македониядагы ички олуттуу саясий кырдаалдан алагды кылбоого тийиш. Биз өкмөттү да, оппозицияны да ошол проблемаларды чечүүгө, өз ара кызматташууга үндөп келатабыз. Бул окуя өлкө туш болуп жаткан фундаменталдуу көйгөйлөрдү көңүл сыртында калтыруу үчүн шылтоо болбошу керек.

Македония

Македонияда эки күндүк атышуу аяктады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

XS
SM
MD
LG