Бүгүн, 19-июнда Бишкек шаарында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча парламент аралык комиссиянын сегизинчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин, Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын жана Федералдык Кеңешинин депутаттары, андан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү катышат.
Иш-чарада бир катар актуалдуу маселелер, анын ичинде аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын келечеги талкууланат. Ошондой эле Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жөнүндө кеп болот.
Жыйындын алкагында Орусиянын парламенттик делегациясынын башчысы Виктор Заварзин менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакировдун жолугушуусу белгиленген. (ErN)