Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 05:11

Швецияда атышуудан беш киши жарадар болду


Кылмыш болгон жерде. Иллюстрациялык сүрөт.

Швециянын Мальмё шаарындагы атышуудан беш киши жарадар болду. “ТТ” швед маалымат агенттиги кабарлагандай, атышуу дүйшөмбүнүн кечинде, саат 20:00дөн кийин катталды. Окуя полиция участогунун жанында болгон.

Жергиликтүү гезиттердин бири окуянын күбөлөрүнүн сөзүнө таянуу менен 15тей ок атылганын жазды. Жабыр тарткандарды жеке автоунааларга салып, өтө тез ылдамдык менен алып кетишкен.

Полиция окуядан кийин шаар аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирди.

“Associated Press” жазгандай, кийинки жылдары швед шаарларында кылмыштуу топтор аймак талашып чатакташкан учурлар көбөйүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG