Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Акыйкатчынын отчетун жактырбоо жөнүндө сунуш айтылды


Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Ал акыйкатчы Кубат Оторбаевдин 2016-жылдагы иши тууралуу баяндамасын угуп жатып, анын парламенттин буга чейинки жыйындарына системалуу түрдө келбей жүргөнүн сындап, отчетту жактырбоону сунуш кылды.

- Мен Жогорку Кеңешти, бардык бийлик бутактарын урматтайм. КСДП мага жат эмес. КСДП менен түшүнбөстүк гана болду деп эсептейм. Себеби мен бир эле жолу ооруп калып келбей калгам. Калган учурда же жыйындар жылдырылып, же башка болгон, - деп жооп берди Оторбаев.

Акыйкатчы өз баяндамасында мигранттар маселесине токтолуп, алардын көбү келишими жок иштеп жатканын белгиледи. Мындан сырткары пенсия маселеси чечилбей келатканын, кыргыз мигранттары Түркияда, Араб Эмиратында жана Казактанда кулчулукка туш болгон учурлар бар экенин айтты.

Былтыр Жогорку Кеңеште КСДП фракциясы акыйкатчы Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Анда "фракциянын жыйынына эч себепсиз келбей жатат, иши тууралуу баяндама жасай элек" деген доомат айтылган болчу.

Мыйзам боюнча акыйкатчыны Жогорку Кеңеш шайлайт жана парламентте жылдык баяндамасы "канааттандырарлык эмес" деп табылса, мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG