Кыргызстанда жыл сайын 10 миңден ашуун адам "кутурма жукту" деген шек менен атайын эмдөөгө алынат. Кыргызстандын Карантин жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев 2017-жылы кутурмадан Кыргызстанда эки киши кайтыш болгонун “Азаттыкка” билдирди.
“Жыл сайын Кыргызстанда 10 миңден ашуун кишини ар кандай жандыктар тиштейт. Оору жуктурган кишилерден былтыр экөө өлдү. Биз эми аларды "жуктурган киши" дебейбиз, "кадимки жабырлануучу" катары каттап, дароо карантинге алып, алгач эмдөө жүргүзүп көрөбүз. Эгер оорунун белгилери билинип, көрүнүп калса анда жардам бере албай калабыз. Тиштеген жандыкты убагында таап, байлап, андан анализ алып, кутурма эмес экенин аныктоого аракет кылабыз. Оорунун белгилери жок болсо эмдөөнү токтотуп да койсо болот”, - деди Үсөнбаев.
14-июнда Ат-Башы районундагы ооруканада 18 адам кутурмага каршы эмдөөдөн өткөрүлдү.
Казыбек айылынан Арпа жайлоосуна чыккан тургундун малына карышкыр тийген. Бул окуядан кийин мал ээси менен ветеринар койдон кутурманын белгилерин байкап, Бишкек шаарына текшерүүгө жөнөтүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен малга кутурма жукканы аныкталган. (BCh)