Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 07:57

Өкмөттүн тышкы карыздан кутулуш үчүн атайын эсеп ачып, жарандардан акча чогултуу демилгеси күлкүлүү. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова "Азаттыкка" билдирди.

- "Жарандардан чогултабыз" дейт. Кайсы жаранынан чогултат? Бул мамлекеттин алсыздыгы. Өз жарандарынан кайыр сурап жаткандан кийин бул эмне деген мамлекет? Мындай популисттик чакырыктар дайым эле айтылып келген. Тышкы карыз көбөйүп жатат. "Келгиле, каражат чыгарып, жарымын төлөйлү" дегендер болгон. Азыр коррупцияга малынып турган мамлекетке ким акча берет? Эртең Кытайга карызды төлөш керек болуп "же жериңди, же кениңди бер" дегендей Тажикстандагыдай кырдаал жаралса, мамлекетке ким акча берет, ким ишенет азыр мамлекетке? Эгер башка бир кырдаалда фонд түзүлүп, чындап эле акча чогултуш керек болсо мен деле берүүгө даярмын, бирок грант менен насыянын акчасын уурдап алып, анан "келгиле, акча чогулталы" деген туура эмес.

Мамлекетке жардам бергиси келгендер үчүн атайын эсеп ачыларын Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 14-июнда билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев депутаттарга кайрылып, бай депутаттар өз ара акча чогултуп, Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) кеткен Кытай насыясынан кутула берүүнү сунуш кылган. (KR)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG