Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Жолдошбаев атайын эсепке 1 млн. сом которо турганын айтты


Камчыбек Жолдошбаев.
Камчыбек Жолдошбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке жардам бергиси келгендер үчүн атайын эсеп ачылса, 1 млн. сом которот. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирди. Депутат демилгени башка депутаттар да колдоп жатышканын кошумчалады.

Өткөн аптада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекованын суроосуна жооп берип жатып атайын эсеп ачыла турганын билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев депутаттарга кайрылып, бай депутаттар өз ара акча чогултуп, Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) кеткен Кытай насыясынан кутула берүүнү сунуш кылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG