Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 09:15

Израилде экс-министр "Ирандын тыңчысы болгон" деп айыпталууда


Израилдин мурдагы энергетика министри Гонен Сегев Тель-Авивдеги сотто. 22-апрель, 2004-жыл.

Израилдин прокуратурасы Кнессеттин мурдагы депутаты, мурдагы энергетика министри Гонен Сегевге "Ирандын пайдасына тыңчылык кылган" деген айып тагууда. Ал мурдараак өлкөнүн коопсуздук кызматы Шин-Бет тарабынан кармалган. Экс-министрди иран чалгынчылары 2012-жылы азгырган жана ал Нигериядагы Иран элчилигинин кызматкерлери менен байланышып турган деп шектелип жатат. Коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары Нигерияда жашап жүргөн Сегев тапшырма берген адамдары менен эки жолу Иранда, андан тышкары башка да өлкөлөрдө жолуккан. Ошондой эле мурдагы министр шифрленген кат алышуу системасын колдонгону, Израилдеги энергетикалык жана коопсуздук жайлары, саясатчылар, расмий жетекчилер жана атайын кызматтагылар тууралуу Тегеранга маалымат берип турганы белгиленет.

2004-жылы Сегев "баңгизат саткан" деп беш жылга соттолгон. 2007-жылы мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан. 62 жаштагы Гонен Сегев кесиби боюнча дарыгер.

XS
SM
MD
LG