Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Темир Сариев кайрадан УКМКга суракка чакырылды


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мемлекеттик комитетке (УКМК) кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады.

Темир Сариев алгачкы жолу Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылып, 13-июнда УКМКга сурак берип чыккан.

Бишкек ЖЭБинде быйыл кышында авария болуп, шаардын эли бир жума бою жылуулуксуз калган. Андан соң бул ишкананы оңдоп-түзөөдө мыйзам бузулган учурлар аныкталып, бир катар аткаминерлерге кылмыш иши козголгон. Ага байланыштуу мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, Улуттук Энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев баш болгон башка кызматкерлер кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG