Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Орусия Канттагы авиабазасын кеңейтүүгө кызыгат


Канттагы авиабаза.
Канттагы авиабаза.

Орусия Кантагы авиабазасын кеңейтүүгө жана анын күчүн арттырууга кызыгат. База Кыргызстандын түштүк аймагын да камтышы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик Думанын депутаты Виктор Заварзин Бишкекте кыргыз-орус аскердик кызматташтык маселелерин талкуулаган жыйында билдирди.

- Канттагы база ошол жерде база болушу үчүн эле эмес, аймактагы коопсуздук үчүн турат. База уникалдуу жерде жайгашкан. Ал Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жана эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгынын алкагында иш алып барып, стратегиялык милдетти өтөп жатат. Биз бул базанын компоненттерин күчтөндүрүп, кеңейткибиз келет, ал түштүктү камтымакчы.

Орусиянын дагы бир базасын ачуу маселеси акыркы он жылдан бери талкууланып келатат. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков былтыр Москвадагы иш сапарында орусиялык маалымат каражаттарына "жалпы аймактын коопсуздугу үчүн кыргыз-тажик чек арасында аскердик база болушу керек" деген пикирин билдирген болчу. Айрым адистер "бул маселе боюнча коомчулуктун, адистердин кеп-кеңеши керек" деген пикирин айтышкан.

Орусиянын Канттагы аскер-аба базасы 2003-жылы ачылган. Орусиянын төрт аскердик объектиси былтыр ага кошулуп, расмий бириккен аскер базасы деген макам ыйгарылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG