Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:11

Бишкек-Москва: Экинчи базанын эпкини


Канттагы авиа база

Президент Сооронбай Жээнбеков ТАСС маалымат агенттиги менен болгон маегинде Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуу маселеси боюнча өз пикирин билдирди.

Ага чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Тажикстандагы жана Кыргызстандагы аскердик базалар чыңдала турганын айткан. Аскердик эксперттер "Кыргызстанда кошумча аскер базасын ачууга зарылдык жок жана Москва аскердик бюджетин кыскартып жаткан чакта Орусия ага акча коротпойт" деп жатышат.

Президенттин жообу, Шойгунун билдирүүсү

ТАСС маалымат агенттиги менен болгон маегинде президент Сооронбай Жээнбеков Ооганстан коркунучунун алдын алыш үчүн Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуу зарылдыгы боюнча оюн билдирди. Анда ал Борбор Азия аймагында жамааттык коопсуздукту чыңдоо, терроризм жана наркотрафик коркунучун алдын-алыш үчүн чара көрүш керек болоорун айтты. Президент Сооронбай Жээнбеков маселе көптөн бери талкууланып келе жатканы менен тараптар бир чечимге келе элек экенин кошумчалады.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу апрель айынын аягында Астана шаарында өткөн ШКУ мамлекеттеринин коргоо министрлеринин кеңешмесинде Тажикстандагы жана Кыргызстандагы аскердик базаларды чыңдоо маселесин көтөргөн болчу:

Сергей Шойгу.
Сергей Шойгу.

- Биз көптөгөн аскердик машыгууларды чогуу өткөрүп жатабыз. Машыгуулар бул аймактагы туруктуулукту бузуу коркунучун азайтууга багытталган. Албетте, мунун баары Ооганстан менен чек арадагы кырдаалга жана ал жактан келип жаткан коркунучтардын алдын алууга байланыштуу. Ал жакта улам жакшы эмес жагына ооп бараткан туруксуз абалга байланыштуу биз күжүрмөн даярдыкты жогорку деңгээлге көтөрүшүбүз зарыл.

Кыргызстандын түштүк аймагында Орусиянын экинчи аскер базасын ачуу маселеси 2006-жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Кезинде кыргыз тарап жаңы аскер базасы үчүн Баткенден жер тилкесин бөлүүнү сунуш кылса, Орусия Оштун четиндеги Тээке айылына жакын жайгашкан эски аскердик полигонду сураганы маалымат каражаттарында талкууланган болчу.

Жамааттык коопсуздуктун башка чарасы

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков Орусиянын экинчи аскер базасын ачуунун зарылдыгы жоктугун айтып, жамааттык коопсуздукту чыңдоонун мурда колдонулган ыкмалары бар экенин билдирди:

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

- Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскер базасын ачуунун кереги деле жок. Себеби кандайдыр коркунуч болсо, Канттагы Орусиянын аскер-аба базасы менен чогуу иш алып барсак, коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анан калса ар бир мамлекет өз күчү менен коопсуздугун камсыз кылганы эле дурус. Азыр эми Ооганстан тараптан кандайдыр коркунуч болуп, анан ошого байланыштуу ЖККУнун жамааттык коопсуздугун коргойбуз десек, анда биз тажик-ооган же болбосо өзбек-ооган чек араларын чыңдап, ошол жакты бекемдешибиз керек. Жалпы аракетибизди бириктирип, ошол жакка жалпы күчүбүздү жумшасак натыйжалуу болмок. Анткени 90-жылдары Ооганстанда "Талибан" кыймылы күчөгөндө биз Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан куралдуу күчтөрүбүздүн чакан бөлүктөрүн бириктирип Ишкашим багытында чек араны бекемдеп, бир жарым жылдай кармап турганбыз. Азыр да ошондой коркунуч болсо, аскер базасын ачкандын ордуна буфердик зонада ошондой бириккен ыкманы колдонсок болот.

Айрым жергиликтүү аскердик эксперттер Ооганстан тараптан терроризм коркунучу жылдан-жылга күчөп жатканын айтып келишкен. "Жалпы жамааттык коопсуздукту чыңдаш үчүн Кыргызстандын түштүк аймагында Орусиянын жөө аскерлеринен турган аскердик базаны ачуунун зарылдыгы бар" деген пикирлер болгон. Бирок айрым саясатчылар арасында "Орусия аскердик бюджетин жыл сайын 20 пайызга азайтып жаткан учурда жаңы аскер базаларын курууга дарамети жетпейт" деген көз караш бар. Ошондуктан саясатчы Равшан Жээнбеков Орусия Кыргызстанда экинчи аскер базасын ачаарына анча ишенбейт:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Эгерде чындап эле Ооганстан тараптан кандайдыр коркунуч болсо, Орусиянын аскер базасы биздин түштүк аймагыбызда жайгашып турганы жакшы эле болмок. Анткени кокус бир чоң коркунуч болсо, анын мизин кайтарууга биздин армиянын кубаттуулугу жана мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин баарыбыз эле билебиз. Ошондуктан Орусиянын базасынын турганы биздин коопсуздуктун кепилдиги болмок. Бирок азыркы учурда Орусия аскердик чыгымдарын азайтып, бюджетин кыскартып жатканда бизде жаңы аскер базасын ачпайт. Биз суранган күндө деле ал ага барбайт. Анткени ага зарылдык жок деп эсептеши мүмкүн.

Талдоочулар арасында Орусия адатта аскердик базаны аймактагы жамааттык коопсуздукту чыңдаш үчүн эмес, геосаясий кызыкчылыктан улам ачууга умтулат деген пикирлер арбын. Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков Орусия геосаясий кызганычтан улам гана аскер базасын ачууну сунуш кылып, бирок аймактагы атаандаштык басаңдаган шартта сүйлөшүүлөр аягына чыкпай калган жагдайга токтолду:

АКШ бул жактан чыгып кеткенден кийин бул маселе кайра жабык бойдон калган.

- Биз учурунда АКШ тарап менен аскердик кызматташтыкты күчөтө баштаганда ошондой сунуштар түшкөн. Анткени АКШдан аскердик кубатуулукту арттырыш үчүн өлкөнүн түштүк аймагында жана бул жакта аскердик машыктыруучу окуу борборлорун ачууга жардам алуу боюнча сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар болгон эле. Булар андан кооптонуп, аскер базасын ачуу тууралуу демилге көтөрүп чыгышкан. Бул эми атаандаштык максатында болду десек да болот. Анткени алар (АКШ) бул жактан чыгып кеткенден кийин бул маселе кайра жабык бойдон калган.

Былтыр шайлоонун астында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскер базасын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген болчу. Орусия тарап кийин андай сүйлөшүүлөр болгонун жокко чыгарган эле.

Орусиянын Канттагы аскер-аба базасы 2003-жылы ачылган. Орусиянын төрт аскердик объектиси былтыр ага кошулуп, расмий бириккен аскер базасы деген макам ыйгарылган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG