Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Ала-Бука, Чаткал райондорунун акимдерине сөгүш берилди


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

Иштамберди кенинин тегерегиндеги соңку жагдайларга байланыштуу Чаткал жана Ала-Бука райондорунун акимдери Эмилбек Абдыкадыров менен Канжарбек Эшалиевге сөгүш берилди.

Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай чечим координациялык кеңешменин жыйынтыгы менен кабыл алынды. Мындан сырткары кендин иштешине каршы митингге чыккан жергиликтүү тургундардын ишканага кирип барышына байланыштуу эки райондун ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын өкүлү Абасбек Мизамбековдун ээлеген кызматына шайкеш келер-келбесин карап көрүү тууралуу сунуш киргизилди.

Бүгүн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Иштамберди кени боюнча жабык жыйын өткөргөн. Ал буга чейин катуу чара көрүлөрүн айткан.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы 200-300дөй жергиликтүү тургун 12-июнда митингге чыккан. Алар ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, анын экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенинде 12-июнь күнү болгон окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG