Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Арменияда эт уурдаган генерал депутат кармалды


Элдик толкундоонун аркасында бийликке келген премьер-министр Никол Пашинян, 9-май, 2018-жыл.
Элдик толкундоонун аркасында бийликке келген премьер-министр Никол Пашинян, 9-май, 2018-жыл.

19-июнда армян парламенти мурда бийликте турган Республика партиясынан шайланган эл өкүлү, генерал-лейтенант Манвел Григорянды депутаттык мандатынан ажыратты. Ага каршы кылмыш иши ачылып, камакка алынды.

Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы генералдын дачасында жүргүзүлгөн тинтүүнүн видеосунун үзүндүсүн жарыялады. Үйдөн курал-жарактын түрү: миналар, гранаталар, тарсылдак шашкилер, автоматтар, ар кайсы калибрдеги миңдеген ок табылган.

Ошондой эле «Роллс Ройс», «Тойота», «Мерседес», «Хаммер» машинелери, жол тандабастар, карда жүргөн автоунаалар, «Тез жардам» машинеси жана аскерий маанидеги техника чыккан. Атайын кызмат он миллиондогон драм жана жүз миңдеген доллар табылганын билдирди.

2000-2008-жылдары Армениянын коргоо министринин орун басарынын кызматын аркалаган генералдын үйүнөн 2016-жылы Тоолуу Карабактагы куралдуу жаңжалга катышкан жоокерлерге багытталган азык-түлүк салынган жүздөгөн ящиктер, дары-дармек, аскерий форма, байпак, бут кийим жана ич кийим чыкты.

Атургай калайдагы сүт, эт салынган ящиктерде мектеп окуучуларынын каттары кошо калган. Бул генерал жоокерлерге делген гуманитардык жардамды өз үйүнө түшүрүп алган деген шек жаратты.

Генерал Григоряндын иши – Никол Пашиняндын өкмөтүнүн Армениядагы коррупция менен көмүскө экономикага каршы күрөшүнүн башталышы гана деп айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG