Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:15

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында конок ээси Орусия шейшембидеги тайпалык оюндарда Египетти 3:1 эсебинде утуп, экинчи жеңишке жетти. Натыйжада Орусия “А” тайпасында 6 упай менен алдыда келе жатса, Египетте эки оюндан кийин эч кандай упай жок.

Бүгүн “А” тайпасындагы экинчи жуптун оюну өтүп, Уругвай менен Сауд Арабиясынын футболчулары ойношот. Оюн Бишкек убактысы боюнча кечки саат тогузда башталат. Буга чейин Уругвай Египетти утса, Саудия орустардан чоң айырма менен утулуп калган.

Ошондой эле кечээ “Н” тобунда Колумбия Жапониянын футболчуларына 1:2 эсебинде утулса, ушундай эле эсеп менен Сенегалдын командасы Польшанын оюнчуларын утуп алды.

Натыйжада чемпионаттын алкагында тайпалык оюндардын экинчи айлампасы башталды. Бүгүн (20-июнда) “В” тобунда курамына Криштиану Роналду кироген Португалия Марокко менен ойнойт. Бул оюн кечки саат алтыда башталат. Ал эми түнкү саат 12де Иран – Испания курама командаларынын футболчулары күч сынашмакчы. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG