Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:31

Навальныйдын атын эфирден атаган футбол комментатору иштен кетти


Леонид Слуцкий.
Леонид Слуцкий.

Орусиянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы тренери Леонид Слуцкий эми “Биринчи каналда” дүйнөлүк чемпионатка комментарий бербей турганын кабарлады. Бул тууралуу ал Орусия - Египет беттешин түз берүүнүн соңунда жарыялады. “Тилекке каршы, мен “Биринчи каналдагы” ишимди аяктап жатам” деди Слуцкий.

Слуцкий 17-июнда “Биринчи каналдын” эфиринде оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын атын атаган. Германия – Мексика беттеши учурунда комментатор Кирилл Дементьев оюн тууралуу “навальный футбол” ("жөөлөшкөн футбол") деп айткан. Слуцкий буга жооп кылып “Навальный футбол ойнойт бекен? Аны көрүү мага чындап кызык болуп жатат?” деп комментарий берген.

Анын кеби социалдык тармактарда флешмобдун башталышына себепчи болуп калган. Колдонуучулар өздөрү жаңы саясий комментарийлерди ойлоп таап, "Слуцкий ошону эфирден айтса болмок" деген пикирлерин жаза башташкан.

Айрым телеграм-каналдар экинчи комментатор Кирилл Дементьевди да иштен кетиши мүмкүн экенин жаза башташты. Журналист өзү “Говорит Москва” радиосуна мындан кабары жоктугун билдирген.

Буга чейин Орусиянын “Биринчи каналында” башка бир футбол комментатору Василий Уткиндин да иштен кеткени белгилүү болгон. Анын себеби ачык айтылган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG