"Ош облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын башчысын сабады" деген ошол бөлүмдүн кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасы кабарлады.
"Жетекчисине кол көтөргөн" деп шектелип жаткан милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү”) менен айып тагылды.
Билдирүүдө айтылгандай, 3-июнда Ош облус аралык бириккен клиникалык ооруканасына денесинен жаракат алган милициянын полковниги кайрылган. Облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын жетекчиси аны иш бөлмөсүндө өзүнүн кол алдындагы кызматкери сабап салганын айтып даттанган. Соттук-медициналык экспертизанын натыйжасында бөлүм башчы денесинен анча оор эмес жаракат алганы аныкталган.
Ишти тергөө Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Чатактын себептери айтыла элек. "Өз жетекчисин сабап салды" деп шек саналган кызматкер милициянын капитаны экени кабарланды. (ErN)