Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Курман айттын болжолдуу күнү белгиленди


Бишкектеги мечит.
Бишкектеги мечит.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Уламалар кеңеши Курман айттын болжолдуу күнүн 21-августка белгиледи. Бирок бул дата айдын жаңырышына жараша бир күнгө жылып калышы да мүмкүн экенин "Азаттыкка" муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Курман айт ажылык сапардын этегине туш келет. Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн. Бул былтыркыдан 640 орунга көп. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй баштайт. Быйылкы ажылык сапар 2890 долларга бааланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG