Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган кишилерден кабар алып, ал-акыбалын сурады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Министр жабыргандарга тез арада сакайып чыгууну каалап, ыңгайлуу убакта Кыргызстанга келип эс алып кетүүгө чакырды.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алган учурда Москвада жол кырсыгында жабыркагандардан кабар алып, Кыргызстанга чакырууну тапшырган.
16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу автоунаасын башкара албай, жолдун четинде турган бир топ кишини сүзүп кеткен. Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө баштаган. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети киши жабыркаган. Алардын арасына футбол күйөрмандары бар. Анарбек уулу эки айга камакка алынган. (КЕ)