Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Ыргал Кыдыралиева депутат Келдибаевдин кош жарандык маселесин кайра козгоду


Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев.

Бүгүн, 20-июнда мурдагы депутат Ыргал Кыдыралиева "Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин кош жарандыгы бар жана ал Орусиянын жараны" деп басма сөз жыйынында билдирди:

- Бизге белгилүү болгон маалыматтарга караганда Келдибаев Сагындык бүгүнкү күнгө чейин Орусия Федерациясынын жараны. Андан сырткары Орусия Федерациясынын аймагында Келдибаев Сагындыкка тиешелүү бир нече фирмалар бар. Бүгүнкү күндө алар иштеп жатат. Мен бул жактан чыккандан кийин Башкы прокуратурага барып, бул фактылардын текшерилишин талап кылып, арыз менен кайрылам.

Ыргал Кыдыралиева Сагындык Келдибаев орус жарандыгы жок экендиги тууралуу кагазды консулдуктан алганын, бирок андай документ Орусиянын Ички иштер министрлигинин жарандыкты аныктоо бөлүмүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан берилерин айтты.

Жогорку Кеӊешке "Республика – Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча жаңыдан депутат болуп келген Сагындык Келдибаев ушул жылдын 25-апрелинде ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен.

Ал вице-премьер-министр кызматына дайындалган Алтынай Өмүрбекованын ордуна келди. Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын 24-апрелде мөөнөтүнөн мурда токтотуп, Келдибаевге мандат берилген.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Келдибаевдин кош жарандыгы бар экени, Орусиянын да жарандыгын алганы тууралуу кабар таратышкан. Сагындык Келдибаев "Азаттыкка" комментарий берип, мурда орус жарандыгы болгонун, аны 2014-жылдын 23-декабрында тапшырганын билдирген.​ (KR)

XS
SM
MD
LG